Справочник

8 жаштагы баланын ата-энеси ажырашып, соттун чечими менен баланын жашаган жери апасы менен аныкталган. Бала атасы тарабынан чоң атасына абдан жакын болгон, бирок нике бузулгандан кийин энеси баланын атасынын үй-бүлөсү менен болгон байланышын токтотууну талап кылган. Бул кырдаалды кантип чечсе болот?

Бала ата-энесинин экөө тең жакын туугандары менен катташууга укуктуу болгондуктан, эгерде мындай карым-катнаш баланын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбесе, эне анын укугун чектөөгө укугу жок. Бул жагдай өз ара пайдалуу чечим табуу максатында баланын энеси менен баланын атасынын туугандарынын ортосундагы медиациянын жардамы менен же соттун чечими менен чечилиши мүмкүн (кр үй-бүлө кодексинин 72-беренеси).