Справочник

Жубайлардын биргелешкен мүлкүнө кайсы мүлк кирбейт?

Жубайлардын биргелешкен мүлкүнө тиешеси жок:

– никеге турганга чейин жубайлардын ар бирине таандык болгон мүлк;

– нике учурунда жубайлардын бири белек катары алган мүлк;

– мурастоо тартибинде же башка акысыз бүтүмдөр боюнча жубайлардын бири алган мүлк; – асыл таштарды жана башка кымбат баалуу буюмдарды кошпогондо, жеке пайдалануудагы буюмдар (кийим, бут кийим жана башкалар).