Справочник

Жер участогун кантип акысыз негизде менчикке алууга болот?

Жер участогун акысыз алууга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандары бул жөнүндө жер участогу жайгашкан жердеги ыйгарым укуктуу органга арыз беришет.

Кыргыз Республикасынын жаранынын жер участогун акысыз берүү жөнүндө арызы ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат жана берүү кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.

Жер участогун Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине акысыз берүү бош жерлер болгон учурда жүргүзүлөт (КР Жер кодексинин 33-беренеси). Эгерде жер участогу анын менчигинде болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же эгерде участок мамлекеттин менчигинде болсо, райондук мамлекеттик администрация ыйгарым укуктуу орган катары чыгат.