Жер участогу жарандык укук мамилелеринин өзгөчө объектиси болуп саналат жана: – сатып алуу-сатуу; – берүү; – алмашуу; – ипотека; – башка бүтүмдөрдүн, ошондой эле Жер кодексинде (КР Жер кодексинин 6-беренеси) белгиленген чектөөлөр менен универсалдуу укук мурастоо тартибинде өтө алат. Мыйзамда көрсөтүлгөн негиздерден башка эч ким жер участогуна болгон укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. Жер мыйзамдарын бузган учурларды кошпогондо, жер участогунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Ошону менен бирге конкреттүү жер участогун тескөө үчүн жер участогунун түрүнө, жер участогунун конкреттүү категориясына таандыктыгына, жер участогунун менчик ээси ким экендигине көңүл буруу зарыл. Ушул маалыматтардын бардыгы чогултулгандан кийин, жарандык бүтүм боюнча жер участогун өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн баалоо керек. Ошондой эле бүтүмдү даярдоодо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин жетекчиликке алуу зарыл, анда жарандык-укуктук милдеттенмелердин олуттуу шарттары көрсөтүлгөн, ошол эле учурда объект – жер участокторун эске алуу менен мындай бүтүмдөрдүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө Унутпастан, башкача айтканда жер мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды колдонуу зарыл. |