Справочник

Узак убакыт бою ооруп жатам. Менин эки уулум жана көп мүлкүм бар. Мен өлгөндөн кийин балдар мүлк үчүн урушпашы үчүн, мен керээз даярдагым келет. Ал үчүн эмне кылыш керек?

Керээзди түзүү үчүн мурастык массанын курамын аныктоо керек, нотариуска кайрылыңыз. Керээздин тексти кол менен же техникалык каражаттардын жардамы менен түзүлүшү мүмкүн. Жыйынтыктоочу документке сиз өз колуңуз менен кол коюшуңуз керек. Керээз эки нускада түзүлөт жана нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Бир нускасы керээз калтыруучуга (сизге), экинчиси нотариуска берилет.