Тукум куучулук массага кирбейт: – эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, юридикалык жак болуп саналган коммерциялык жана башка уюмдарга мүчөлүк, катышуу укуктары; – өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугу; – алименттик милдеттенмелерде келип чыккан укуктар жана милдеттер; – топтомо пенсиялык фонддордон пенсиялык топтомдордун каражаттарына укуктарды кошпогондо, Эмгек жана социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдардын негизинде пенсияга, жөлөкпулдарга жана башка төлөмдөргө укуктар; – мүлктүк менен байланышпаган жеке мүлктүк эмес укуктар (КР Жарандык кодексинин 1120-беренеси). |