Справочник

Татыксыз мураскорлор?

Татыксыз мураскорлор мыйзам боюнча да, керээз боюнча да таанылат жана мурастоого укугу жок:

-мурас калтыруучуну же мүмкүн болгон мураскорлордун бирин атайылап өмүрүнөн ажыраткан адамдар;

-мурас калтыруучунун же мүмкүн болгон мураскорлордун биринин өмүрүнө кол салган адамдар;

 – мурас калтыруучунун акыркы эркин жүзөгө ашыруусуна атайылап тоскоолдук кылган адамдар муну менен өздөрүнүн же жакын адамдарынын мурастоого чакыруусуна же мурастын аларга тиешелүү үлүшүн көбөйтүүгө көмөк көрсөтүшкөн. Буга керээз калтыруучу анын өмүрүнө кол салгандан кийин керээзди түзгөн адамдар кирбейт.