Справочник

Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн керээздерге теңештирилген керээздер

Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн керээздерге керээз калтыруучу тарабынан керээзге кол койгон күбөнүн катышуусунда кол коюлган төмөнкү керээздер теңештирилет:

1) ооруканаларда, госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде дарыланып жаткан же улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде жашаган жарандардын ушул ооруканалардын, госпиталдардын жана башка дарылоо мекемелеринин башкы дарыгерлери, алардын медициналык бөлүк боюнча орун басарлары же нөөмөтчү врачтары, ошондой эле госпиталдардын башчылары, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин директорлору же башкы дарыгерлери тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери;

2) чалгындоо же башка ушул сыяктуу экспедицияларда жүргөн жарандардын ушул экспедициялардын жетекчилери тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери;

3) аскер кызматчыларынын, ал эми нотариустар жок аскердик бөлүктөр жайгашкан пункттарда керээздери, ошондой эле ушул бөлүктөрдө иштеген жарандык адамдардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аскердик бөлүктөрдүн командирлери тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери;

4) эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн же камакта кармалган адамдардын тиешелүү мекемелердин жетекчилери тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери;  5) нотариус жок калктуу конуштарда жашаган адамдардын Мыйзамга ылайык нотариалдык аракеттерди жасоого укугу бар кызмат адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери (КР Жарандык кодексинин 1133-беренеси).