Никенин жараксыздыгын четтетүүчү жагдайлар:
– Эгерде никени жараксыз деп табуу жөнүндө иш каралган учурга карата мыйзам күчүнөн улам анын түзүлүшүнө тоскоолдук кылган жагдайлар болбой калса, сот никени жарактуу деп таба алат.
-Эгерде муну жашы жете элек жубайынын таламдары талап кылса, ошондой эле никени жараксыз деп таанууга анын макулдугу жок болсо, сот нике курагына жете элек адам менен түзүлгөн никени жараксыз деп табуу жөнүндө доодон баш тарта алат.
– Эгерде мындай никени каттаган адамдар иш сот тарабынан каралганга чейин иш жүзүндө үй-бүлө курса, сот никени жалган нике деп таба албайт. – Эгерде мындай никени каттаган адамдардын иш сот тарабынан каралганга чейин баласы төрөлсө, сот никени жалган нике деп таба албайт.