а) жашы жете элек (бойго жеткен) жубайы, анын ата-энеси, ДСДнын аймактык бөлүмү же прокурор, эгерде нике 18 жашка чыга элек адам менен түзүлсө;
б) никеге туруу менен укуктары бузулган жубай, ошондой эле эгерде нике мажбурлоонун, алдоонун, адаштыруунун натыйжасында түзүлсө, прокурор;
в) никеге турууга тоскоолдук кылуучу жагдайлардын бар экендигин билбеген жубай, аракетке жөндөмсүз деп табылган жубайынын камкорчусу, мурдагы бузулбаган никеси боюнча жубайы, никеге туруу менен укуктары бузулган башка адамдар;
г) прокурор, ошондой эле жалган нике түзүлгөн учурда никенин жалган экендигин билбеген жубай; д) укугу бузулган жубайы, эгерде башка жубайы анын венерикалык оорусу же ВИЧ-инфекциясы бар экендигин жашырган болсо.