Никеге тургандардын каалоосу боюнча алар акысыз медициналык кароодон өтө алышат. Мындай экспертизанын жыйынтыгы медициналык сырды түзөт. Алар текшерилип жаткан адамдын макулдугу менен гана башка адамга билдирилиши мүмкүн.
Мында венерикалык оорунун болушун атайылап жашыруу же ВИЧ-инфекция жазык жоопкерчилигине алып келет.