Нике келишими төмөнкү маселелерди камтышы мүмкүн:
– жубайлардын бардык мүлкүнө, анын айрым түрлөрүнө (болгон, ошондой эле келечектеги)биргелешкен, үлүштүк же өзүнчө менчик режими;
– жубайлардын өз ара багуу боюнча укуктары жана милдеттери;
– жубайлардын бири-биринин кирешесине катышуу жолдору;
– жубайлардын ар биринин үй-бүлөлүк чыгымдарды;
– нике бузулган учурда жубайлардын ар бирине бериле турган мүлк. Нике келишиминде каралган укуктар жана милдеттер белгилүү мөөнөттөр менен чектелиши же белгилүү шарттардын болушуна же болбошуна жараша коюлушу мүмкүн.