Справочник

Мурасты кабыл алуу мөөнөтү өтүп кетсе эмне болот?

Эгерде мураскор белгиленген мөөнөттүн ичинде мурасты алуу боюнча аракеттерди жасабаса, ал мурасты кабыл алган жок деп эсептелет.

Мөөнөтүн өткөрүп жиберген мураскордун арызы боюнча сот бул мөөнөттү калыбына келтире алат жана мураскор жүйөлүү себептер боюнча мөөнөттү өткөрүп жиберсе (өткөрүп жиберүүнүн себептери жоюлгандан кийин алты айдын ичинде) мураскорду мурасты кабыл алган деп тааный алат. Мурас мураскор тарабынан белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин, мурасты кабыл алган бардык мураскорлордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен сотко кайрылбастан кабыл алынышы мүмкүн.