Справочник

Мурас деген эмне жана кандай түрлөрү бар?

Мурастоо-өлгөн адамдын мүлкүнүн мурастык укук мурастоо тартибинде башка адамга же адамдарга (мураскорлорго) өтүшү (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1118-беренеси).

Мурас керээз жана мыйзам боюнча жүзөгө ашырылат. Мыйзам боюнча мурас керээз жок болгондо же бүтүндөй мурастын тагдырын аныктабаганда пайда болот.