Мурас калтыруучунун акыркы туруктуу жашаган жери мурастын ачылышынын орду болуп саналат. Эгерде мурас калтыруучунун акыркы жашаган жери белгисиз болсо же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде болсо, мурас калтыруучуга таандык кыймылсыз мүлк же анын негизги бөлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жер, ал эми кыймылсыз мүлк жок болсо – кыймылдуу мүлктүн негизги бөлүгү жайгашкан жер мурасты ачуу орду деп таанылат (КР Жарандык кодексинин 1124-беренеси).