Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия алуу укугуна Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга төгүмдөрдү төгүүчү Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандары, республикада жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ээ болушат. Пенсия алууга укугу жок адамдар мамлекеттен ай сайын социалдык жөлөкпул ала алышат. Жөлөкпулдун өлчөмү-пенсиянын базалык бөлүгүнөн жогору эмес.