Короо жанындагы участок-мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандарга жеке турак жай куруу үчүн бөлүнгөн, ага жанаша участогу бар жер участогу. 1999-жылдын июнуна чейин алынган короо-жай участоктору КР жарандарынын жеке менчигине өткөн ( «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренеси). Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенден кийин короо жай участокторун алууга талапкер адамдар, эгерде алар турак жай мыйзамдары боюнча турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таанылса, жер участогун акысыз жана Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолу алууга укуктуу.