Имараттын жана курулуштун астындагы жер участогу кыймылсыз мүлктү тейлөөгө арналган. КР Жер кодексинде чагылдырылган принципке ылайык имаратка жана курулушка болгон укук ушул имаратка жана курулушка бекитилип берилген жер участогуна болгон укуктан ажырагыс. Жер участогуна укук токтотулганда жер участогундагы имараттын жана курулуштун тагдыры анын менчик ээси тарабынан аныкталат (КР ЖК 44-бер.). Имараттар жана курулуштар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоодо ага бекитилип берилген жер участогунун наркы имараттын жана курулуштун наркына кирет жана өзүнчө көрсөтүлбөйт.