Баланын энеден (энеликтен) чыгышы жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан баланын энеси тарабынан медициналык мекемеде төрөлгөндүгүн ырастоочу туулгандыгы тууралуу маалымкаттын негизинде, ал эми бала медициналык мекемеден тышкары жерде төрөлгөн учурда – дарыгер же тиешелүү саламаттык сактоо органы ыйгарым укук берген башка медициналык кызматкер же соттун чечими менен баланын туулгандыгынын фактысын ырастаган маалымкаттын негизинде белгиленет.