Справочник

Үйдүн жанындагы жер участогу деген эмне?

Үйдүн жанындагы участок-жашыл бак-дарактарды, чарбалык, балдар жана спорт аянтчаларын, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды жана чек аралары белгиленген тартипте кабыл алынган ченемдер менен аныкталуучу башка участокторду кошкондо (көп батирлүү үйдү тейлөө үчүн) үйгө жанаша аймакты камтыган жер участогу (КР ЖКнин 1-беренесинин 5-пункту).

Үй алдындагы участоктун чек араларына төмөнкүлөр киргизилбейт: жолдор, көчөлөр, өтмөктөр – негизги жолдор, көчөлөрдүн боюндагы тротуарлар, аянттар, парктар, токой парктары, бульварлар, скверлер, көлмөлөр; алардын коргоо зоналарынын чектеринде магистралдык инженердик тармактардан өтүү үчүн пайдаланылуучу жер участоктору; бирден ашык көп квартиралуу үйдү тейлеген инженердик курулмалар ээлеген жер участоктору; ЧУАга ылайык мурда белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактарга берилген жер участоктору; зыяндуу чыгындылары адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурган өнөр жай ишканаларынан жана объекттеринен санитардык-коргоо зоналары катары аныкталган жер участоктору; коркунучтуу жаратылыш процесстерине (селдерге, суу каптоолорго жана башкаларга) дуушар болгон жер участоктору. Үйдүн жанындагы участок бөлүнбөс болуп саналат жана көп батирлүү үйдөгү квартиралардын жана (же) турак эмес жайлардын менчик ээлерине жалпы үлүштүк менчик укугунда таандык болот жана мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюуга жатпайт. Үйдүн жанындагы участоктун менчик ээлеринин үлүшү квартиралардын турак жай аянтынын өлчөмүнүн эсебинен аныкталат.