Мураскор мурастоого өзүнүн чакырыгы жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып алты айдын ичинде мурастан баш тартууга укуктуу.
Жүйөлүү себептер болгондо бул мөөнөт сот тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок ал эки айдан ашпайт.
Мурастан баш тартуу:
– мураскор тарабынан мурас ачылган жер боюнча нотариуска арыз берүү жүргүзүлөт;
– эгерде ишеним катта мындай баш тартууга ыйгарым укук атайын каралса, өкүл аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн;
– керээз же мыйзам боюнча мураскорлордун ичинен башка адамдардын пайдасына же болбосо алардын пайдасына баш тартуу жасалган адамдарды көрсөтпөстөн болушу мүмкүн. Жогоруда көрсөтүлбөгөн адамдардын пайдасына мурастан баш тартууга жол берилбейт.