Справочник

Чет өлкөдө жашайм. Мага мурас калтырган тууганым каза болгонун билдим. Бирок мен андан баш тарткым келет, анткени бул мүлккө салык төлөгүм келбейт. Ал үчүн эмне кылыш керек?

Мураскор мурастоого өзүнүн чакырыгы жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып алты айдын ичинде мурастан баш тартууга укуктуу. Жүйөлүү себептер болгондо бул мөөнөт сот тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок ал эки айдан ашпайт. Мурастан баш тартуу мураскор тарабынан мурас ачылган жер боюнча нотариуска арыз берүү менен жүргүзүлөт. Мурастан баш тартуу кийин жокко чыгарылышы же кайра алынышы мүмкүн эмес.