Баласынан бөлөк жашаган ата-эне төмөнкүлөргө укуктуу:
– бала менен байланышуу;
– аны тарбиялоого жана багууга катышуу;
– баланын билим алуу маселелерин чечүү. Бала менен чогуу жашаган ата-эне, эгерде мындай карым-катнаш баланын дене-боюнун жана психикалык ден соолугуна, анын адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирбесе, баланын башка ата-энеси менен карым-катнашына тоскоолдук кылбоого тийиш.