Справочник

Аталыкты кантип аныктоого болот?

Эгерде бала төрөлсө, эненин жубайы (мурунку жубайы) баланын атасы деп таанылат:

– өз ара никеде турган адамдардан,

– нике бузулган, жараксыз деп табылган же баланын энесинин жубайы каза болгон учурдан тартып 300 күндүн ичинде.

Эгерде баланын энеси никеде турбаса, аталыкты каттоо органына баланын атасы менен энесинин биргелешкен арызын берүү аркылуу аныктайт.

Энеси каза болгон, аракетке жөндөмсүз деп табылган, анын турган жерин аныктоо мүмкүн болбогон же ата – энелик укуктарынан ажыратылган учурда-аталык баланын атасынын арызы боюнча ҮБКБнын макулдугу менен же соттун чечими боюнча аныкталат.

Эгерде болочок ата-энелер бала төрөлгөндөн кийин кандайдыр бир себептерден улам биргелешип арыз бере албай калат деп ишенишсе  ЗАГС органына энесинин кош бойлуу кезинде ушундай арыз берүүгө укуктуу. Баланын ата-энеси жөнүндө жазуу бала төрөлгөндөн кийин жүргүзүлөт.