Справочник

Аталыкты аныктоо сот тартибинде качан аныкталат?

Өз ара никеде турбаган ата-энелерде бала төрөлгөн учурда жана ата-энесинин биргелешкен арызы же баланын атасынын арызы жок болсо, аталыкты аныктоо арыз боюнча сот тартибинде белгиленет:

– ата-энесинин бири;

– баланын камкорчусунун (көзөмөлчүсүнүн) ;

– бала багуусунда турган адамдардын;

– жетишкендиги боюнча баланын өзү

Мында сот баланын белгилүү бир адамдан келип чыгышын ишенимдүү тастыктаган социалдык жана биологиялык далилдерди да эске алат. Аталыкты аныктоо ишин кароодо сот тарабынан баланын ата-тегин конкреттүү адамдан (болжолдуу атасынан) аныктоо үчүн соттук-биологиялык же генетикалык экспертиза дайындалышы мүмкүн. Экспертиза КР ЖПКнын 93-беренесине ылайык дайындалат жана тараптар тарабынан төлөнөт.