Ата-энелер (алардын бири) жүрүм-турумун, жашоо образын жана (же) баланы тарбиялоого болгон мамилесин өзгөрткөн учурларда ата-энелик укуктардан калыбына келтирилиши мүмкүн.
Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-эненин арызы боюнча сот тартибинде ишке ашырылат.
Он жашка чыккан балага карата ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана мүмкүн болот. Эгерде бала асырап алынган болсо жана асырап алуу жокко чыгарылбаса, ата-энелик укуктарды калыбына келтирүүгө жол берилбейт.