Справочник

Апам каза болуп, апамдын багуусунда болгон майып, алыскы тууганы аны менен узак убакыт чогуу жашаган. Мураска укук күбөлүгүн берүү боюнча нотариуска кайрылдык. Нотариус бизге бул тууган дагы мураскор деп эсептелерин билдирди. Чын эле ошондойбу?

Мурас калтыруучу каза болгонго чейин бир жылдан кем эмес анын багуусунда болгон жана аны менен бирге жашаган эмгекке жарамсыз адамдар мыйзам боюнча мураскорлордун катарына кирет. Мыйзам боюнча башка мураскорлор болгон учурда алар мурастоого чакырылган кезектеги мураскорлор менен бирге мурасташат. Бул тууган мурастын төрттөн биринен ашпаган бөлүгүн мурастайт.