2017-жылдын 28-июлундагы № 163 Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамы менен бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү эсептелет. Бала төрөлгөн күндөн тартып 6 айдын ичинде сиз райондук (шаардык) эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына паспортуңуздун жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүңүздүн көчүрмөсү менен арыз менен кайрылышыңыз керек, болбосо арыз менен КР электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылсаңыз болот https://portal.tunduk.kg/basic_service/redirect_signin. Мындан тышкары, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 1966 ишеним телефонуна кайрылсаңыз болот.