Соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Көңүл бурууга татыктуу жаңы жагдайлар болбогондо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга ырайым кылуу жөнүндө кайталап өтүнүч он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга – сот тарабынан белгиленген жазанын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.