Убактылуу коргоо ордеринде
1) үй-бүлөлүк зомбулукка тыюу салуу;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен түз жана кыйыр байланышка тыюу салууну.
Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын сотко кайрылууга укугу жөнүндө маалыматты, ошондой эле убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы үчүн үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жоопкерчилиги жөнүндө маалыматты камтыйт. Убактылуу коргоо ордерин жогоруда саналып өткөн шарттардан тышкары узарткан учурда ага үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча коррекциялык программадан өтүшү жөнүндө шарт милдеттүү түрдө киргизилет