Справочник

Үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурда милиция эмне кыла алат?

Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары:

1) Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде, ички иштер органдары жөнүндө мыйзамда каралган бардык чараларды көрсүүгө;

2) ар кандай адамдардан үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө арызды кабыл алуу жана каттоого;

3) убактылуу коргоо ордерин берүүнүн жана узартуунун тартибин, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жазык жоопкерчилигине тартуунун тартибин түшүндүрүүгө;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга социалдык кызматтар жөнүндө маалымат берүүгө;

5) зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды медициналык мекемеге же башка коопсуз жерге ташууну уюштурууга; 6) убактылуу коргоо ордерин берүүгө жана анда камтылган шарттардын аткарылышын контролдоого;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын арызы боюнча убактылуу коргоо ордерин узартууга жана анда камтылган шарттардын аткарылышын контролдоого;

8) жашы жетпегенге карата үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө токтоосуз маалымдоого;

9) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен убактылуу коргоо ордери узартылган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө Социалдык өнүктүрүү органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө маалымдоого; 10) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча материалдарды өткөрүп берүү үчүн бардык зарыл аракеттерди аткарууга.