Справочник

Мен үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болдум, кимге кайрылсам болот?

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар төмөнкү мекемелерге кайрыла алышат:

1) ыйгарым укуктуу ички иштер органынын аймактык бөлүмдөрүнө;

2) социалдык өнүктүрүүнүн ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүмдөрүнө;

3) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө (жашы жете элек балдары менен жабыркагандар);

4) саламаттык сактоонун дарылоо-профилактикалык уюмдарына;

5)билим берүү уюмуна (директорго, тарбия иштери боюнча башчыга; социалдык педагогго, психологго, жалпы билим берүү уюмдарынын класс жетекчисине);

6) мэрияда, айыл өкмөтүндө;

7) коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга (убактылуу туруу борборлору, консультациялык-алдын алуу борборлору, кризистик борборлор). Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар жашаган жери боюнча аксакалдар сотуна кайрылууга укуктуу.