Справочник

Жубайлар никеде турушат, никеден эки жашы жете элек балдары бар.Жубайы эки жылдан ашык убакыт мурун башка өлкөгө жумушка кеткен.Бул убакыттын ичинде ал жөнүндө эч кандай маалымат түшкөн жок,жубайы менен байланышка чыккан эмес, балдары көргөн эмес жана үй-бүлөсүнө материалдык жактан жардам берген эмес.Жубайы күйөөсүнүн жайгашкан жери белгисиз болгондуктан, каттоо органдарында никени бузгусу келет.ЖААК органдарында мындай никени бузууга болобу?

Мындай нике каттоо органдарында токтотулушу мүмкүн эмес, жок болгон жубай белгиленген тартипте дайынсыз жок деп таанылбагандыктан. Мындай никени бузуу үчүн ЖААК органдарында алгач адамды сотко дайынсыз жок деп таануу жөнүндө арыз берүү керек, ал эми соттун чечими чыккандан кийин жана ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, ЖААК органдарына кайрылуу керек.