Эмгекке жарамдуу бойго жеткен балдар өздөрүнүн эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж ата-энелерин багууга жана аларга кам көрүүгө милдеттүү.
Ата-эне аларды багуу үчүн алимент өндүрүү жөнүндө сотко кайрылууга укуктуу.
Балдардын ар биринен өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү ата-энелердин жана балдардын материалдык жана үйбүлөлүк абалына жараша жана тараптардын кызыкчылыктарына көңүл бурууга татыктуу болгон башка ай сайын төлөнүүгө тийиш болгон туруктуу акчалай суммада сот тарабынан аныкталат.