Фермердик чарба жүргүзүүдө жүгүртүүдөгү накталай акча каражаттары жок болгон учурда алимент
продукциянын ордун толтурууга болот. Эмгек акынын жана (же) иш жүзүндөгү кирешенин жоктугу ата – энени балдарды багуу боюнча милдеттерден бошотпойт жана ал ошол жердеги орточо эмгек акынын эсептик суммасына негизденүү менен белгиленген өлчөмдө Алименттерди төлөө үчүн каражаттарды өз алдынча издеп табууга, же болбосо балага же балдарга бирдей үлүштөрдө менчикке алдын ала жеткирүү жолу менен кыймылдуу же кыймылсыз мүлк же анын бөлүгү менен компенсациялоого милдеттүү.