Ата-энелик укугу сот тарабынан чектелген ата-энелер:
– баланы жеке тарбиялоо укугунан ажырайт;
– балдары бар жарандар үчүн белгиленген жеңилдиктерге жана мамлекеттик жөлөкпулдарга болгон укугун жоготушат.
Ата-энелик укуктарды чектөө ата-энени баланы багуу милдетинен бошотпойт.
Ата-энелик укуктары сот тарабынан чектелген ата-энелерге бала менен байланышууга уруксат берилиши мүмкүн, эгерде
бул балага эч кандай зыяндуу таасирин тийгизбейт. Эгерде ата-эненин (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктары чектелген негиздер жокко чыгарылса, сот ата-эненин (экөөнүн биринин) доосу боюнча баланы ата-энесине кайтаруу жана чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө чечим чыгара алат.