Жубайлардын биргелешкен мүлкүнө төмөнкүлөр кирет::
– жубайлардын ар биринин эмгек ишмердигинен, ишкердик ишинен жана интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларынан түшкөн кирешелери;
– жубайлар алган пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле атайын максаттуу багыты жок башка акчалай төлөмдөр;
– жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз буюмдар, баалуу кагаздар, пайлар, салымдар, кредиттик мекемелерге же башка коммерциялык уюмдарга салынган капиталдагы үлүштөр;
– акча каражаттары жубайлардын кайсынысынын атына салынганына же жубайлардын кимиси тарабынан салынганына карабастан, никеде турган мезгилде жубайлар тарабынан алынган ар кандай башка мүлк. Жубайлардын жалпы мүлкүнө болгон укук нике мезгилинде үй чарбасын жүргүзгөн, балдарын караган же башка жүйөлүү себептер менен өз алдынча кирешеси болбогон жубайга да таандык.
Жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө жубайлардын өз ара макулдугу боюнча жүзөгө ашырылат (КР Үйбүлө кодексинин 36-беренеси). Эгерде никеде турган мезгилде бул мүлктүн наркын (капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, кайра жабдуу ж.б.) кыйла жогорулатуучу салымдар жүргүзүлсө, жубайлардын ар биринин мүлкү алардын биргелешкен менчиги деп таанылышы мүмкүн.