Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу союзунун жана алардын никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Бир дагы нике никеге туруучу адамдардын өз ара макулдугусуз түзүлбөйт. Жубайлар бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ (КР Конституциясынын 36-беренеси). Нике-бул үй-бүлө куруу максатында мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын эркин жана өз ара макулдугу менен түзүлгөн, жубайлардын ортосундагы мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес мамилелерди пайда кылган эркек менен аялдын ортосундагы тең укуктуу жана ыктыярдуу биримдик.