Справочник

Жолдошум менен иштебейбиз, 2 жаштагы баланы тарбиялайбыз. Билгибиз келди жөлөк пул алуу үчүн кайрылсак болобу?

2017-жылдын 28-июлундагы №163 сандуу Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» Мыйзамына ылайык “үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пулун үй-бүлө ала алат, анда: жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) 16 жашка чейинки балдары бар бул түрдөгү жөлөкпулга муктаждыгы болгон шартта кайрыла алат. Жөлөк пул сурап жатканда күйөөсү мамлекеттик жумушка орноштуруу кызматында каттоодон өтүшү керек. Арыз менен райондук (шаардык) эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылышыңыз керек. Башкармалыктын адистери иликтөө жүргүзүп, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун берүү же берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алышат. Мындан тышкары, Сиз Эмгек министрлигинин 1966 ишеним телефонуна кайрылсаңыз болот.