Справочник

Үй-бүлөдө беш баласы бар, ал жумушсуз. «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пул сурап кайрылганбыз, бирок уулубуздун унаасы бар, А мен, байбиче пенсия алып жатам деген шылтоо менен баш тарттык.

2017-жылдын 28-июлундагы №163 сандуу Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпул «Үй-бүлөгө көмөк»  жардамын төмөнкү үй-бүлө ала алат: 16 жашка чейинки балдары бар, эгерде жарандар (үй-бүлөлөр) жөлөкпулдун бул түрүнө муктаж болсо.

Бул жөлөк пулду дайындоодо пенсиянын бардык түрлөрү эске алынбашы керек.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкүлөр эске алынат::

– эмгек акы, стипендиялар;

– ишкердиктен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);

– жерден, короо жай участогунан, айыл жаныбарларынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.

Жөлөкпул алуу үчүн кайрылганда үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу мүчөлөрү (иштегендерден тышкары) иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында катталууга тийиш.

Жөлөкпул алуу үчүн кайрылганда үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу мүчөлөрү (иштегендерден тышкары) иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында катталууга тийиш. Эгерде үй-бүлөдө: жумушчу абалында: даярдоочу завод чыгарган жылын кошкондо, эксплуатациялоо мөөнөтү 20 жылдан аз, ошондой эле даярдоочу завод чыгарган жылын кошкондо 20 жылдан ашык, кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 2000 жана андан көп куб сантиметр (2 жана андан көп литр)болгон жеңил автомобиль бар болсо, жөлөк пул дайындалбайт;

Ошондуктан так маалымат алуу үчүн КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 1966 ишеним телефонуна кайрылсаңыздар болот.

Эгерде төмөнкү критерийлер боюнча ишенбестик пайда болсо

* үй-бүлөсүнө жөлөк пул берүүдөн негизсиз баш тартышкан;

* жөлөкпул туура эмес дайындалган;

* убагында аткарылбаган

жөлөк пул төлөө.

Сиз жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана шаардын мэриясына караштуу Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссиясына арыз менен кайрылууңуз зарыл Эгерде Сиз комиссиянын чечимине макул эмес болсоңуз, анда Сиз Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылышыңыз керек.