Керээзди түзүү үчүн мурастык массанын курамын аныктоо керек, нотариуска кайрылыңыз. Керээздин тексти кол менен же техникалык каражаттардын жардамы менен түзүлүшү мүмкүн. Жыйынтыктоочу документке сиз өз колуңуз менен кол коюшуңуз керек. Керээз эки нускада түзүлөт жана нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Бир нускасы керээз калтыруучуга (сизге), экинчиси нотариуска берилет.