Справочник

Кандай учурларда керээз жараксыз деп табылат?

Керээз жараксыз деп табылышы мүмкүн, эгерде:

– керээз талаптагыдай эмес формада жасалса;

– керээзди түзүү, ага кол коюу жана күбөлөндүрүү тартиби бузулган (КР Жарандык кодексинин 1137-беренеси).

Бирок, бул статьяда керээз жараксыз деп табылган учурлардын толук тизмеси камтылбайт, ал керээзге карата колдонулуучу бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө жалпы эрежелерди гана тактайт. Керээз бир тараптуу бүтүм болуп саналат, демек, КР Жарандык кодексинин жалпы бүтүмдөр жана бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндөгү эрежелери керээзге да колдонулат. Башка жараксыз бүтүмдөр сыяктуу эле, керээз “таптакыр жараксыз”, башкача айтканда, жокко эсе жана “салыштырмалуу жараксыз”, башкача айтканда, талашка түшүшү мүмкүн.

 Керээз ушул керээз менен укуктары же мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган адамдын доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

Керээзде камтылган айрым буйруктардын жараксыздыгы керээздин калган бөлүгүнүн чындыгына таасир этпейт.

Кийинки керээз сот тартибинде жараксыз деп табылганда мурдагы керээз калыбына келтирилет. Керээз жараксыз деп табылган учурда бул керээз боюнча мурастан ажыратылган мураскор жалпы негизде мурастоо укугун алат(КР Жарандык кодексинин 1137-беренеси)