Жок, керээз нотариус тарабынан керээз калтыруучунун сөзү менен жазылышы мүмкүн. Керээзди керээз калтыруучунун сөздөрүнөн жазууда нотариус тарабынан жалпы кабыл алынган техникалык каражаттар (персоналдык компьютер ж.б.) пайдаланылышы мүмкүн. Керээз калтыруучунун сөздөрүнөн нотариус тарабынан жазылган керээз керээзге кол коюлганга чейин нотариустун катышуусунда керээз калтыруучу тарабынан толук окулууга тийиш. Эгерде керээз калтыруучу дене кемчилдигинен, оорусунан же сабатсыздыгынан улам керээзди жеке окуй албаса, анын тексти ал үчүн нотариус тарабынан жарыя кылынат, бул жөнүндө керээз калтыруучунун керээзди жеке окуй албагандыгынын себептерин көрсөтүү менен керээзге тиешелүү жазуу жазылат.