Эгерде керээз калтыруучу керээзге өз колу менен кол кое албаса – дене кемчилдигинен, оорусунан же сабатсыздыгынан улам, анын өтүнүчү боюнча ага нотариустун же мыйзамга ылайык керээзди күбөлөндүргөн башка адамдын катышуусунда, керээз калтыруучу керээзге өз колу менен кол кое албаган себептерди көрсөтүү менен башка адам кол кое алат (КР Жарандык кодексинин 1132-беренеси, Нускаманын 20-пункту)
Дене боюнун кемчиликтеринен улам керээзге өз колу менен кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам керээзге нотариустун же керээзди күбөлөндүрүүгө ыйгарым укуктуу башка адамдын катышуусунда факсимилдик кол тамга менен кол коюуга укуктуу. Мында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам колдонгон факсимилдик кол тамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш, ал эми керээзде факсимилдик кол тамга колдонулган жагдайлар жөнүндө белги коюлууга тийиш (КР Жарандык кодексинин 1132-беренеси).