Жаран (мурас калтыруучу) Кыргыз Республикасынын:
– өзүнүн бүткүл мүлкүн же анын бир бөлүгүн мыйзам боюнча мураскорлордун чөйрөсүнө кирген да, кирбеген да бир же болбосо бир нече адамга мураска калтырууга;
– өзүнүн бардык мүлкүн же анын бир бөлүгүн юридикалык жактарга, мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мураска калтырууга;
– мыйзам боюнча бир, бир нече же бардык мураскорлорду түшүндүрүүсүз мурастан ажыратууга (мыйзам боюнча мураскорду мурастан ажыратуу, эгерде керээзден башка келип чыкпаса, өкүлчүлүк укугу боюнча мурастоочу анын урпактарына жайылтылбайт);
– ар кандай мүлк, анын ичинде керээз жасалган учурда ага таандык болбогон мүлк жөнүндө тескемени камтыган керээз жасоого (эгерде мурас ачылган учурда мындай мүлк ага таандык болсо, тиешелүү тескеме жарактуу болуп саналат);
– түзүлгөн керээз аткарылгандан кийин каалаган учурда аны жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө жана мында жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн себептерин көрсөтүүгө милдеттүү эмес (КР Жарандык кодексинин 1127-беренеси);
– мураскордун жүрүм-турумунун мүнөзүнө карата мурасты алууну белгилүү бир укук ченемдүү шарт менен шарттоого (мураскорду дайындоо же мурастоо укугунан ажыратуу жөнүндө тескемеге киргизилген укукка каршы шарттар анык эмес; керээзге мураскордун ден соолугунун абалы боюнча же башка объективдүү себептерден улам аткарылбай турган шарттарды киргизүү мураскордун доосу боюнча жараксыз деп табылышы мүмкүн) (КР Жарандык кодексинин 1128-беренеси);
– эгерде керээзде көрсөтүлгөн мураскор мурас ачылганга чейин өлүп калса, аны кабыл албайт же андан баш тартат же татыксыз мураскор катары мурастоодон четтетилет, ошондой эле мыйзам ченемдүү шарттарды аткаруу боюнча мураскор аткарбаган учурда мурас калтыруучу башка мураскорду дайындоого (КР Жарандык кодексинин 1129 – беренеси). Мурас калтыруучу керээзде өзү тарабынан мураскор болуп дайындалган адамдарга, өз кезегинде, алар каза болгон учурда керээзге калтырылган мүлктү белгилүү бир жол менен тескөө милдетин жүктөөгө укугу жок (КР Жарандык кодексинин 1127-беренеси).