Справочник

Мыйзам боюнча ким мурас алууга укугу жок?

Мыйзам боюнча мурас алууга укугу жок:

– ата-энелик укуктарынан ажыратылган жана мурас ачылган учурда бул укуктары калыбына келтирилбеген балдардан кийинки ата-энелер;

– мурас калтыруучуну багуу боюнча мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан качкан ата-энелер (асырап алуучулар) жана бойго жеткен балдар (асырап алгандар). Татыксыз мураскорлорду мурастоодон четтетүү үчүн негиз болгон жагдайлар мындай четтетүү мурастоого байланыштуу мүлктүк кесепеттерди жараткан адамдын доосу боюнча сот тарабынан белгиленет (КР Жарандык кодексинин 1126-беренеси).