Справочник

Өткөн айда атасы каза болуп, билгибиз келди, качан мураска укук күбөлүгүн алабыз?

Мураскорлор мурас ачылган учурдан тартып мурас укугуна ээ болушат.
Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган жер боюнча мамлекеттик нотариус же мыйзамга ылайык мындай нотариалдык иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан берилет. Мураскорлорго мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин алардын арызы боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилет.