Мамлекеттик менчикте турган жерлер:
– мамлекеттик жер пайдалануучуларга берилген;
– токой фондусунун жерлери;
– суу фондусунун жерлери;
– өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери;
– запастагы жерлер;
– чек ара зонасынын жерлери;
– Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери;
– жайыттар;
– жеке жана муниципалдык менчикке берилбеген башка жерлер;
– мамлекеттик асыл тукум, үрөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станцияларынын жана полигондордун жерлери;
-окуу жайларынын жана айыл чарба багытындагы илимий-изилдөө институттарынын мамлекеттик фонддун жерлеринде түзүлгөн таяныч пункттарынын жерлери
көрсөтүлгөн чарбаларда жашаган жана иштеген жарандарга жер үлүшү катары берилген жерлерди кошпогондо, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес (КР Жер кодексинин 4-беренеси).