Жер участогун жеке жана юридикалык жактарга менчикке же пайдаланууга берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Жер кодексинде белгиленген тартипте акысыз же акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарына жер участогу ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында менчикке бир жолу акысыз төмөнкү максаттарда гана берилиши мүмкүн: турак үй куруу жана тейлөө жана жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн; белгиленген ченемдер боюнча дача куруу үчүн; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө жер үлүшүнө укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарына (КР Жер кодексинин 32-беренеси). Бонитетинин баллы төмөн болгон жана мелиоративдик жакшыртуу боюнча чоң чыгымдарды талап кылган асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери жайыттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн.