Мындай жер участокторуна жер үлүштөрүнөн тышкары ички чарбалык жолдор, коммуникациялар, туюк көлмөлөр, айыл чарбасынын иштеши үчүн зарыл болгон курулуштар жана курулмалар ээлеген Айыл чарба жерлери, жайыттар жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери кирет (КР ЖК 72-бер.).
Жайыттар мөөнөттүү пайдаланууга гана берилет (жайыт билети), ижарага берилиши мүмкүн эмес. Мамлекеттик менчикте гана турат. Аларды берүү жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамга, «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга ылайык ишке ашырылууда.
ГФС жерлери, эреже катары, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Типтүү жобого ылайык тооруктарда берилет. Алар мамлекеттик менчикте. Аларды башкаруу жергиликтүү кеңештерге өткөрүлүп берилген жана айыл өкмөтү тарабынан берилет. ГФС жерлери субижарага берилбейт.